www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киши колдуу болуп бул дүйнөдөн чыныгы акырет заманга кеткен Кылычова Нурайдын ыйманы саламатта болсун! «Мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыз, канчага чейин кор болуп жүрөр экенсиң?» -деген сөздү философиялык терең ойлуу, креативдүү чыгармаларды жараткан Дооронбек Садырбаев айткан. «Орус менен жүрсөң айбалтаңды ала жүр» -деген кеп бар. Орус шовинисттеринин кыргыздардын башын кесип канжыгасына илип алган заманы бүткөн. XIX кылымда Кыргызстанды иликтеп келген Сталиндин никесиз атасы Николай Пржевальский экспедициясы менен Ысык-Көлдү жээктеп кетип баратса, бир аксакал кыргыз карыя атына мине албай жатыптыр. Пржевальский колтуктап атына мингизгендин ордуна, мылтыгын алып чыгып, аны атып өлтүрүп, башын кесип экспонат кылып канжыгама илип алдым деп, күндөлүгүнө жазып жатпайбы.
Кылычова Нурайдын өмүрү кыска экен, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жаш болсо да нур чачыраган Нурай жаш кезинде Чүй облустук мектеп гимназиясынын белдүү мугалимдеринен болгон. Ал ишин баштаганда эле окуучулардын сүймөнчүгүнө ээ болгон мыкты тарбиялоочу чыгарына шек жок эле. Кылычовдордун үй-бүлөсү тээ байыртан эле кыргыз элине дайын болгон мартабалуу, кадыр-барктуу адамдардан болгон. Ата-теги атактуу Болот бийдин насилинен тараган, кыргызды калмактардан сактоодо эл башында турган, кудай колдогон, кут даарыган, касиеттүү пенделер болушкан. Булардын аталарынын атынан Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында мектептин аты коюлган. Нурай төрөлгөндө элдердин маанайы жарык болуп айлана шаңга бөлөнүп, өзгөчө жагымдуу күн болуптур. Кылычовдордун үйү чоң кубанычка толуп, топураган кошуна-колоң өздөрүнчө кубанычка батышкан. Үй-бүлө кубанычына жетине албай, ымыркайга асман менен жерди бириктирген «Нурай» деген ысым койот.
Ушул мезгилде Нурайдын агасы Алга Кылычов кыргыздын белдүү саясатчыларынын бири. Учурунда ал «Дан азыктарды» жетектеп, кыргыз элин кымбатчылыктан сактап турган. Бирок тагдырдын алешеми менен ага кара көө сыйпалып, жалаа жабылып, бир топ убак «көр пенделердин туткунунда» жүрдү. Тагдыр буюрган ар кандай кыйынчылыктарды тартканы менен, эч жалганчылыкка моюн сунган жок. Нурайдын эжеси Айни Кылычова Чүй облустук мектеп гимназиясынын белдүү мугалимдеринин бири.
Кыргыз элинде, кыргыз жеринде төрөлүү өзү эле керемет! Жалындуу жаштыгын Чүй өрөөнүндө Таш-Дөбө айылында өткөзүп жатып Нурай Ат-Башылык орус жигити менен баш кошот. Алар ырыс-ынтымакта жашашып үч баланы тарбиялап-өстүрүп келаткан. Анын адамкерчилиги, жасаган иши кең өрөөн Ат-Башыда оозго алынып калган. Кыргыз жергеси, акактай тунук, кереметтʏʏ жайларга бай. Арийне, ажайып кооз жерлердин салмактуусу Ат-Башыны кѳздѳй ооп алгандай. Чатыр-Кѳл, Арашан, Арпа, Ак-Сай, Босого… Боз балдарынан ѳйдѳ тулпарга туурасынан минип, алып, ат тизгинин тартышпай Ат-Башыда сызып бараткандай. Ат-Башынын жери чексиз! Ушундай кооздуктар менен аралашкан Нурай да алыстан болсо да өзгөчө дем берип турчу.
Эми официалдуу басма беттерине кайрылалы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда кайын агасы келинин өлтүрүп, өзү асынып алганы тууралуу ызы-чуу жаңырып турат 2021-жылы . 16-июнь күнү саат 06:30дар чамасында милиция бөлүмүн Ат-Башы районунун 63 жаштагы тургуну “Дамбы” участкасындагы токойдун жээгинде «Женя» аттуу адам бакка муунуп калганын айтып кайрылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Ат-Башы районунун 50 жаштагы Евгений аттуу эркек адамдын сөөгү бакта асынып турган абалда табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.
Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылган. Иниси 15-июнда болжол менен саат 12:00дөн бери анын 38 жаштагы Кылычова Нурай аттуу аялы дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, арыз жазган.«Ал аялдын сөөгү окуя болгон жерден батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыкта табылган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда сөөктө күч колдонулган белгилери аныкталган. Тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, аялды кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, өзү асынып алган. Сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак алынды», – деп айтылат маалыматта.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg