www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талапка жооп бербеген автомектептер жабылышы керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Ал Кыргызстанда автокырсыктардын көбү айдоочулар каршы тилкеге чыгып же мас болуп машине айдагандыктан болорун билдирди.
«Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, «кара тизмеге» киргизилиши керек. Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек.
Айдоочулук маданиятты бала кезден эле калыптандырышыбыз керек. Мектептерде балдарга автоунаанын жана жолдо жүрүү коопсуздугунун принциптерин үйрөтө турган атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу керек.
Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү зарыл», - деди ал.
Расмий маалымат ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси быйыл беш айда 82 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 600гө көп. Алардын ичинен 41 миң 500 киши айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алгандар. 27 миң 500 адам күбөлүгүн жоготуп же мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра алгандар.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 18-июнда Жогорку Кеңеште «Коопсуз шаар» долбоорунун ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында автомектептер тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Кыргызстанда 235 автомектеп бар. Анын ичинен 119на эскертүү берилген, 14нө айып пул салынып, 13нүн ишмердиги үч айга убактылуу токтотулган.
Ал жол кырсыктарынын санын азайтуунун бир жолу катары автомектептерге талапты күчөтүү керектигин айтты. Бир катар депутаттар айдоочулук күбөлүктөр сатылып жатканын, ага каршы иштерди алып баруу зарыл экенин билдиришти. Кыргызстанда соңку апталарда автокырсыктар көп катталып, андан ондон ашык киши каза болду.
Булак: NazarNews.kg