www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сомдун куну да мигранттар жөнөткөн акчанын эсебинен эптеп-септеп кармалып турат. Мындай пикирин мурунку эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

 

Анын айтымында, мигранттардын өлкө экономикасына кошкон салымы бар. Ал тургай, сомдун куну да мигранттар жөнөткөн акчанын эсебинен эптеп-септеп кармалып турат. Анткени бизде төлөм балансы — экспорт менен импорттун ортосундагы айырмачылык — ошол чет өлкөдө жүргөн мигранттар жөнөткөн акча менен жабылып, сомдун куну кескин түшүп кетпей кармалып турат.

--"Өкмөт мигранттар жөнөткөн акчанын суммасын ар дайым сыймыктануу менен айтып келет, бирок бул — улуттук трагедия. Анткени, биз сырттан иштеп келип, өзүбүздө өндүрүлгөн эчтеке жок, таап келген акчабызды жеп-ичип коюп, кайра сырттан товар ташып отура берсек, анда биздин экономика өлөт, экономика өлгөндөн кийин бюджеттин мүмкүнчүлүгү жоголот, бюджетте мүмкүнчүлүк жок болсо, алсыз саламаттыкты сактоо, алсыз билим берүү, элдин коопсуздугун камсыз кылбаган армия жана башка көйгөйлөр болот. Качан гана биздин эмгекке жарамдуу жарандарыбыз Кыргызстандын ичинде иштеп, экономикасына салым кошуп, бизге салык төккөндө гана мамлекет өнүгөт", — дейт ал.

Экс-министрдин пикиринде, мамлекет жыл сайын астына план коюп, жумушчу орундарын түзүп, эмгекке жарамдуу жаштарды акырындык менен мамлекетке кайтарууну колго алуусу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости