www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуу Октябрь социалисттик революциясы» бийликти үстүртөн калпып алмаштырып, башкысы Текебаевдин «тили узун» куурчактарына басым жасагандай. Ошолордун бири Текебаевдин «бадыраңы» аттуу жигит айыл чарба министрлигин жетектеп турат. Буюрса жаз келгиче министрликтен кетпесе барыбыз «бадыраң» айдап калабыз. Орусияда жаштар көптөгөн конкурстардан өтүп миниистрликке, губернаторлукка келип жатат. Биздин конкурс Текебаев, Текебаевдин көңүлүнө жактыңбы бийлик алмашса чоң кызмат аласың. Жоомарт Оторбаев, Калык Султанов, Алмамбет Шыкмаматов дегендер болгон. Текебаевдин көңүлүнө жакканда чоң кызматтарда иштеп, көңүлү кайтканда айдап жиберген. Эми да ал принцибинен талбай келатат.
Учурунда Кыргызстанда болуп жаткан айыл чарба реформасына Нурсултан Назарбаев да көз артып, ушул жол менен реформа кылган, айырмасы ал жакта «чоң муштум» акимдер бийлик кылып жерди бөлүштүргөн. Бизде айыл чарбасында бардык элге бирдей үлүштө тегиз бөлүп берүүдө үлгү көрсөтүшкөн. Өтө курч реформаларды жасап, бирок учурунда партбоссторго жакпаса, бүгүн дембоссторго жакпай келаткан Бекболот Талгарбеков деген бар. Азыр аны айтышат Талгарбеков талкалап салбаса айыл чарбасы гүлдөп өсүп кетмек деп. Негизи айыл чарбасынын талкаланышына Талгарбеков эмес СССРдин тарашы күнөөлүү болсо керек. СССР тараган соң чакалап төгүп салган бензиндер кымбаттап, колхоз-совхоздордун тарпы чыга баштаганда айыл чарбасында мурунку СССРде жок реформа жүргүзүп, сактап калган Талгарбеков болсо керек. Ар бир адам өз энчисин алып калды, кошуна казактарда акимдин буйругусуз таш балакет жок, Өзбекстан көп жерин, байларга арендага берип коюшуп, эми гана Талгарбековдун реформасына бет алды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg