www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү багытында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков төмөндөгү багыттарды белгиледи:  

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-чаралар мерчеми 15- декабрдан баштап ишке киргизилди;

иш мерчемдин негизинде коомдук коопсуздукту ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери камсыз кылат; 

бардык шайлоо участокторуна 1ден 7ге чейин жалпы 5500дөн ашык кызматкер бөлүнөт; 

1 миңге жакын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол коопсуздугун көзөмөлдөө иштерин жүргүзөт;

шайлоого чейинки үгүт учурунда жана шайлоо күнү ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу үчүн 280 ден ашык документтештирүү топтору түзүлүп бири-бирине жакын жайгашкан 10 шайлоо участогуна бирден бекитилип күчөтүлгөн тартипте иш алып барат;

күч каражаттарынын ишмердигин координациялоо үчүн ички иштер министрлигинде шаардык облустук ички иштер башкармалыктарда жалпы 10 жерде ыкчам штабтар түзүлүп ишке киргизилген;

шайлоого байланыштуу катталган фактыларга мыйзамдын алкагында иш алып баруу үчүн кызматкерлерге окутуулар өткөрүлүп, усулдук колдонмолор укуктук ченемдик актылардын жыйнагы буга чейин таратылып берилген.;

ички иштер министринин демилгеси менен кайталоо иретинде окутуулар 17-ноябрдан 12-декабрга чейин өткөрүлүп, дагы кошумча колдонмолор таратылып берилди;

шайлоо учурунда ар түрдүү чагымчыл аракеттерди болтурбоо максатында ок атуучу куралдар жана жардыргыч материалдарды колдонууга бөгөт коюу үчүн ички иштер министрлигинин атайын буюрмасы иштелип чыгып анын негизинде 20-декабрдан баштап өзгөчө буюрмага чейин ок атуучу куралдардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди;

20-декабрдан баштап республика боюнча бардык мергенчилик дүкөндөрүнүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду;

шайлоо участокторунда коопсуздукту камсыздоо үчүн жер-жердеги аймактык шайлоо комиссиялары менен биргеликте шайлоо участокторуна кароо актылары түзүлүп аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча шайлоо комиссияларына сунуштар берилип жатат;

шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда коопсуздукту камсыздоого Бишкек шаарында жайгашкан «Учкун» акционердик коомунун имараты ички иштер органдары тарабынан куралдуу кайтарууга алынды;

шайлоо бюллетендери даяр болгондо шайлоо участокторуна атайын жабдылган автоунааларга жүктөп жеткирилет жана 80ден ашык патрулдук автоунаалар менен коштоп жеткирүү уюштурулат;

шайлоо иш-чарасы эдидемиялык шартка туш келгендигине байланыштуу кызматкерлер толук түрдө медициналык жеке каражаттар жана   чыгымдалуучу каражаттар менен камсыздалды. 

Андан тышкары ИИМдин оздук демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, фискалдык органдар, ыктыярдуу элдик кошуундар жана ички иштер органдарынын ардагерлерин тартып атайын иш-чаралар мерчемдери иштелип чыгып коомдук тартипти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө экенин министр Улан Ниязбеков билдирди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости