www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен райондук сотунда ажырашкан аялына көчөдө кол көтөрдү деп айыпталган адамга карата өкүм чыкты. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Кадырбек (аты өзгөртүлдү, К.К.) 56 жашта. Жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Ал ажырашкан аялы Элизаны (аты өзгөртүлдү, Г.Э.) сабады деп шектелип, Жазык кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Кадырбек менен Элиза (1986-жылы туулган) 2005-жылы шариат жолу менен нике кыйдырып жашап жүрүп, 1 кыздуу болушкан. Бирок 2018-жылы кызганычтын айынан пикир келише албай ажырашып, бирге жашабай калышкан.

Кадырбек 2020-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринен Элиза менен өз ара келише албай, уят сөздөр менен тилдеп, сөгүп, бет тарабына колу менен уруп, денесине жаракат келтирген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу аял жеңил жаракат алганы айтылат.

Кадырбек эмне дейт?

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Элиза менен 2010-жылдан бери тааныш болгонун айтты.

«Ошол мамилебиз уланып, 2014-жылы жарандык нике менен турмуш куруп, молдого никебизди кыйдырганбыз. Элиза менин экинчи жубайым болгон. 2015-жылы декабрь айында Самара (аты өзгөртүлдү) аттуу кыздуу болгонбуз. Андан кийин Элиза ооруп калды. Колумдан келишинче карап дарылаттым. Нерв жактан окшойт, ачууланганда кулагы укпай калган күндөр да болгон. Андан кийин апасынын үйүндө жашап жүрдү. Мен өз үй-бүлөм менен жашап жүрдүм. Кийин пикирибиз келишпей, ажырашканга туура келди. Кызым апасы менен калган. Биз ажырашкандан кийин кызымдын келечегин, тагдырын ойлоп, Элизага «Ар ким менен жүрө бербе. Ар ким менен жүрсөң сөз болосуң. Кызыбыздын келечегин ойло» деп айткам.

2020-жылдын 28-май күнү түштө жолдо кетип бара жатсам кафелердин биринин алдында Элизанын унаасы токтоп турган экен. Мен ага чейин да Элизага «жөн жүр» деп айткам. Ал «биринчи башка менен карма, андан кийин сүйлө» деп айткан. Анан мен ошону эстеп, кафедеги официант кыздан сурасам, «экинчи кабатта бир байке менен отурат» деп айтты. Мен экинчи кабатка чыгып, төртүнчү кабинага кирсем Элиза диван сыяктуу столдо Эрмек (аты өзгөртүлдү) аттуу бала менен отурган экен. Элиза Эрмектин бутуна башын коюп жатыптыр. Көйнөгү көтөрүлүп, ички кийими көрүнүп жаткан экен. Мени көрүп эле ордунан тура калып, оңдону-түздөнүп калды. Ага «иш убактысында эмне отуруш?» десем, «сен аралашпа, мен бул балага турмушка чыгам» деди. Ал бала Элизадан бир топ кичүү. Ал бала «сиз кимсиз?» дегенде ага Элизанын мурунку жолдошу экенимди айтсам, ал кабинадан чыгып кетти.

Элизага бирөөнүн бутуна башын коюп, ич кийимдерин көрсөтүп жатуу уят экенин айтсам, «өзүм билем, сен аралашпа» деп айтты. Мен эшикке чыгып, ал баладан «Элизага үйлөнөсүңбү?» деп сурасам «бул эже менден бир топ улуу болсо эмне кылат элем» деп айтты. Анан мен ал жерден кетип калгам.

Эртеси, 29-май күнү саат 11:00 чамасында Баткен шарында Элиза менен кызым Самара жолугуп калды. Кызым менен учурашып, ал мени ээрчип алгандыктан аны алып калып ойнотуп жүрдүм. Арадан бир аз убакыт өткөндө кайын энем (Элизанын апасы) телефон чалып, Самараны алып кел деп айтты. Анан кызымды алып, кайын энем турган жерге бардым. Ага учурашып, кызымды бердим. Кетейин деп жатсам ал «Элиза экөөң эмне болуп жатасыңар?» деп сурап калды. Ага кызыма залакасы тийип калбасын деп, 28-майда кафедеги болгон окуяны айтып бердим.

Андан көп өтпөй Элиза мага телефон чалып, «келип, айткан сөздөрүңдү далилдеп бер» деп айтты. Саат 18:30 чамасында «Алтын Ордо» мейманканасынын алдында Элизанын унаасы токтоп туруптур. Мен токтоп, кайын энем менен учураштым. Ал «Элиза сен айткандарды мойнуна алган жок» деп айтты. Анан Элиза кызым экөө келип калды. Ошол жерде апасы сөз баштап, жанагыларды мойнуна албаганын айтты. Мен 28-майда көргөнүмдү айтып жатканымда «ал бала ким экен?» деди. Мен Эрмек деген бала экенин айтсам, кайын энем чочуп кетип эле «ал кичине бала го» деп айтты. Ошол убакытта Элиза колу менен баш тарабыма бир чапканда ачуум келип, колум менен бет тарабына бир чаптым. Кулак тарабына урган эмесмин. Элиза ачууланып, жакамдан кармап жулкулдата баштаганда апасы келип ажыратып, мен кетип калгам. Мен эч кандай сөгүнгөн эмесмин», - деди ал.

Кадырбек буга катар эле Элиза менен жарашкандыктан соттон ишти кыскартып берүүнү суранды.

Элиза эмне дейт?

Элиза сотто Кадырбек аны менен ажырашкандан кийин деле кызганып, артынан аңдып жүргөнүн айтты.

«2020-жылдын 28-май күнү жумуштарым менен жүрүп, Эрмек аттуу бала менен кафеде отурганым ырас. Аны менен Кадырбек айткандай отурган эмесмин. Кийим-кечелерим ордунда эле болгон. Өз жумуштарыбыз менен чай ичип, сүйлөшүп отурганбыз.

Кызым атасы менен катташып турат. Ага чектөө кылбайм. Апама жолукканда мен туурасында жаман сөздөрдү айтыптыр. Ошол эле күнү кечке маал апам, кызым болуп турсак Кадырбек келип, мага жалган жалаа сүйлөп, уят сөздөр менен сөгүп, алаканы менен оң бетиме чаап жиберди. Кулагым чымырап ооруп, жаман абалда калдым. Апамдын көзүнчө жаман сөздөрдү айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөктү», - деди ал.

Ал буга катар эле Кадырбек менен өз ара элдешкенин айтып, ишти кыскартып берүүнү суранды.

Соттун өкүмү:

Сот окуянын чоо-жайын тактап, Жоруктар кодексинин 39-беренесине (тараптардын жарашуусуна байланыштуу жорук жоопкерчилигинен бошотуу) ылайык Кадырбекти жоопкерчиликтен бошотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости