www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагы бир үй бүлөлүк зомбулуктун бети ачылды. Мурда соттолгон жаран чогуу жашаган аялды балдарын кошуп  сабап, аялдын кабыргасы сынып, бала атасы аны унитазга думуктуруп сабаганын айткан. Бул тууралуу  Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы жазып чыккан.

Бул окуяны фейсбуктагы  "Не молчи"  фондунун баракчасы жарыялаган.

«Эркек киши бир нече күн бою бирге жашаган аял менен анын балдарын сабаган. Бул үй бүлө бир жылдай чогуу жашаган бирок көпчүлүк күндөр  уруп согуу коркутуу менен өткөн. Милицияга кабар бере турган болсо өлтүрүп кое турганын айткан. Экөөнүн ортосунда 3 айлык уул жана аялдын мурунку күйөөсүнөн 9 жана 4 жаштагы уулдары болгон.

«3 август күнү аялдын апасы бизге жардам сурап чалды. Анын үнүнөн коркуу бар экени билинип турду. Небереси көгала болгон сүрөтүн жибериптир. Бул окуя биринчи жолу болбогондуктан учурда кызы менен жээни  байланышка чыкпай жатышкан. Жинди күйөөсү телефондорун алып, эшигин бекитип алган. Анткени анын үй бүлөсү сырттан жардам сурап койбошунун алдын алган.  Улуу баласы кокусунан суунун кранын сындырып алган. Буга ачууланган атасы баланы мыкаачылык менен сабаган. Аны арачалоого аракет кылган энесин андан кийин күнөөсү жок төрт жашар баланы сабаган. Улуу баласын унитаздагы сууга башын тыгып думуктурган. Учурда улуу баласынын кабыргалары сынып, мээси чайкалган. Азыр ооруканада жатат»- деп жазган.

Жабырлануучу аялдын энесинин айтуусунда мындай окуялар кызынын үйүндө күн сайын болуп турган.

Бир жолу жээни менен кызын сабаган, бала ооруканага түшкөн. Ал эми кызынын күйөө сөрөйү 20 жыл абакта отуруп келгенин, эч нерседен коркпой турганын жана эми кайын энесин өлтүрүп коё турганын айткан. Күйөөсүнөн корккон аял энесин башка батирге чыгарып ийген. 

Бүгүн жээндеринин өмүрү кылдын учунда турганын билип жатканын айткан. Төрт жаштагы жээни атасы мончодон бир нерсе кылганын анын көтөнү ооруп жатканын айткан. Тайэнеси зордуктап койгон деп шектенүүдө. Учурда кошумча эксперттен өтүүгө камданып жатканын фонддун кызматкерлери жазып чыккан.

Учурда 1976 -жылы туулган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми аялы болсо жолдошу чынында эле балдарын кордоп жүргөнүн мойнуна алып шектүүнүн үстүнөн арыз жазды.

Тергөө иштерин тыкыр көзөмөлдөөнү Казакстандын Алматы облусунун Полициянын  департаменти колго алганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости