www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин имараты текшерилүүдө. Бул тууралуу Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысына айылдын тургундары билдиришкен.
Белгилүү болгондой, Туз айылындагы орто мектеп 2007-жылы чет өлкөлүк долбоордун эсебинен курулган.
«Окуучулардын баштары ооруп, эстерин жоготуп жыгылып калган учурлар болгон. Мектеп эски мүрзөлөрдүн үстүнө курулгандыктан куран да окутулган. Бирок окуя кайталанып, жыйырмага чукул окуучу баштары ооруп, ооруканага кайрылышкан», – деп билдиришти тургундар.
Мектептин жетекчилиги имаратта кооптонуунун себеби жоктугун айтышууда. Ал эми райондун акими Нурлан Керимкулов мектептин имаратына атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдогон. Анын натыйжасында мектептин зыяндуулугун текшерүү үчүн комиссия келип, дубалдын ортосундагы пена алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү.
Булак: "Турмуш"