www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин, өкүлчүлүктөрүнүн иши тууралуу маселе көтөрүлдү. Алардын баарын парламентке чакырып отчет, маалымат алуу боюнча сунуш түштү.
Тышкы иштер министрлиги болсо элчилердин ишине ушул айдын этегинде мекеменин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында гана баа берилерин маалымдады.
Элчилер маселесин парламентте Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев 4-январда жалпы жыйында көтөрдү. Депутат аларды тышкы иштер министри менен кошо эмки айда Жогорку Кеңешке чакырууну планга киргизүүнү сунуш кылды.
Таабалды Тиллаев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө айрым бир дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кыскартуу, алардын эсебинен кыргыз жарандары көп жүргөн, жакшы иштеген айрым өлкөлөрдөгү элчиликтерди чыңдоо зарыл экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg