www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мушташкандарды шыкактагандар бар

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөндөгү пикирин жазды:

"1995-жылдан бери эле шайлоонун активдүү катышуучусумун. Өзүм талапкер же талапкердин штабында «үлкөн» кызматта иштеп дегендей. «Үлкөн» кызмат деп бир чети какшыктап эле атканым. Шайлоого биринчи чыгып алып асманга чыгып кеткен айрым кандидаттарды көрүп эле…
Ошо, ар бир шайлоодо, агитация маалында ар дайым баардык каршылаштар бир-бирине атайы бут тосуу уюштурушат. Мас жигиттерди же обон айымдарды жиберип…
Эки адамды уруштуруп, маашырланып, кол чаап сүйүнгөн Кемчонтойлор көп эле экенин билебиз, бирок, улут аралык жаңжал салууга аракеттенгендерди кубаттап, кайра-кайра кубанып жазып, таратып, кандидаттарды, партияларды бир-бирине тукуруп, атайы козутуп жаткандарга укуктук баа берилгени жакшы.
Шайлоону шылтап, мамлекетибиздин көзкарандысыздыгына доо кетиргиси келгендерди ата-бабабыздын арбагы кечирбесин!
Мамлекет-бири жакпай калса экинчисин издей берчү көңүлдөш эмес…"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости