www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутатка талапкер үнүн эл алдында катуу чыгарууга болбойт, майли анын үнү “атка минерлердей” мукам болсун, анткени катуу чыгарса добуш бербей коюшат.  Музыка ыргактуу болобу же музыка ыргаксыз болобу, үнүн чыгаргысы келген депутатка талапкерлер бийликтегилер менен жакын болгусу келбесе Карим Тураповдой сахнаны көздөй эле кетип калганы эле оң. Лекин, анын мукам үнүн угушса, бийликтегилер шап минип,кээ бир депутаттардай «шут» кылып алышат. Ошого карабастан үнүңдү чыгаргың келсе абайлап чыгар. Биринчи фракцияда репетициядан өтүп, көнүгүп, ырдоочу нотаңды даярдап, жагымпоз үнүңдү кубулжутуп чыгарыш керек. ЖКнын катта жыйынында кокустан үнүңдү чыгарам деп «косяк» кетирип алсаң, эмки депутаттык мөөнөткө жетпей эле элге жек көрүмдүү болуп каласың. Үнүңдү чыгарган соң оозуңду жылуу суу менен жууп, тазалоо керек, кокустан инфекция жугуп калбасын. Деги ымыркай депутаттар оорубаганы жакшы. Ымыркай депутаттардын бары ооруп калса квота жок болуп калбайбы.

Депутатка талапкерлер көздөрүнө өтө сак болууга тийиш. Себеби көз доктурлар, көз академиктер анын көзүнө тигиле карап, бааларын берип турушат. Ымыркай депутат көздөрүн кайнаган сууга же бор кислотасынын эритиндисине чыланган кебез менен жууган жакшы. Кебез табылбаса баасы жок кара койдун жүнү деле жарай берет. Ар бир көзүн өзүнчө, көздүн сырткы бурчунан мурдуна карай сүртөт. Бул процедура ач көз болуудан сактайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости