www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек менен Ташкент шааларынын жетекчилери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу Бишкек мэри Азиз Суракматов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовдун жолугушуусунда белгилүү болгонун муниципалитеттен билдирди. 

Эске салсак, коңшу өлкөнүн шаарлары менен Бишкектин ортосунда буга чейин дагы ар багыттагы кызматташуулар тууралуу келишимдер болгон. Мисалы, 1993-жылы Бишкек менен Бухаранын жетекчилери экономикалык жана маданий кызматташуулар боюнча келишимге кол коюшкан.

Белгилей кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек мэриясы менен Ташкент акимчилиги экономикалык жана илимий-техникалык жаатта бири-бирине колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуга жетишкен.

Учурда эки өлкөнүн борбор калаалары инвестициялык долбоорлорду бирге ишке ашырууга дагы кызыкдар болуп жатат.

Булак: NazarNew.kg

Последние новости