www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен ооруп сакайган адамдарга сасык тумоого каршы вакцинаны алууга тыюу салынбайт. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиолог-дарыгери  Чынара Мамбеталиева Биринчи радионун эфиринде кабарлады.

Анын айтымы боюнча, бул вакцинага каршы көрсөтмөлөрдө, коронавирустук инфекция көрсөтүлгөн эмес.

“Бул вакцина организмди сасык тумоонун оор түрлөрүнөн коргойт. Сасык тумоого каршы эмдөөдөн мурун ар бир пациент үй-бүлөлүк дарыгердин кароосунан өтүп, ал вакцинаны ала алабы же жокпу деген тыянак чыгарышы керек, анткени пациентте вакцина үчүн карама-каршы келген ар кандай өнөкөт оорулар болушу мүмкүн” – дейт дарыгер.

Белгилей кетсек, 16-сентябрдан баштап Бишкекте, андан кийин башка аймактарда сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Биринчи кезекте калктын аялуу катмары: өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан ашкан адамдар, карылар үйүндөгү карылар, интернаттагы балдар эмделет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости