www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте “Баарына каршы” акциясы өтүп жатат. Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтына 20дай адам чогулуп, алар кыргызстандыктарды “баарына каршы” добуш берүүгө үндөштү.
Акцияга келгендер плакаттарга “БШК отставкага кетсин!” деген жазууларды жазып, көтөрүп алышкан. Уюштуруучулардын айтымында, алар парламентке барган талапкерлерге каршы.
Маалымат боюнча, катышуучулардын катарында Токтоайым Үмөталиева дагы бар, ал шайлоо процессинде бир нече мыйзам бузуулар болгонун айтууда. Анын айтымында, соттуулугу бар адамдар парламентке барышууда. Ал талапкерлердин арасында Бакиевдердин тарапташтары жана санаалаштары бар экенине нааразы. Негизги мыйзам бузууну ал №2 форма деп атаган.
Белгилей кетсек, мэрия Ала-Тоо аянтына акция өткөрүүдөн баш тарткан. Ошондой эле, борбор калаанын Биринчи май райондук соту пандемияга таянып, тыюу салуу чечимин чыгарды. Буга байланыштуу катышуучуларга Горький паркына чогулушууга уруксат берилген.
Бирок акциянын мүчөлөрү баары бир аянтка келишкен.
Булак: NazarNews.kg