www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта элдин акчасына бейтапкана ачылды

Сузакта эски лицейдин имараты 15 миллион сомго оңдолуп, аймактык оорукананын жугуштуу илдеттерди дарылоо бөлүмүнө айландырылды.

Райондун акими Эрмекбай Омошевдин айтымында, ага элден жана ишкерлерден акчалай бир миллион 700 сом чогултулду. Калган суммага ылайыктуу курулуш материалдары берилди, бюджеттен акча коротулган жок.

Белгилей кетсек, №36 лицейдин беш кабаттуу жатаканасын жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмүнө айлантуу боюнча демилге Кыргызстанда коронавирус илдети күчөгөн жай айларында көтөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, бөлүмгө 250 керебет коюлду, ал дагы толукталмакчы. Жергиликтүү бийлик жакын арада медициналык жабдуу жайгаштырыларын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдети алгач жолу Сузак районунда катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости