www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү, диний кызматкерлер Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыздын белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуп, видео-челленж уюштурушту.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы аны «диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кыргыз тилин жайылтуу» деп сыпаттады.

Комиссия төрагасы Зайырбек Эргешов кыргыз тили дин аралык жана улут аралык ымаланы бекемдөөчү көпүрө болушу зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ.

Ошондой эле тил күнүнө карата иш-чаралар башка мекемелерде да уюштурулуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости