www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан COVID-19га каршы Россия өндүргөн вакцинаны биргелешип сыноодон өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын Роспотребнадзор мекемеси кабарлады.

Маалыматка караганда, апта башында мекеменин өкүлдөрү коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү, анын ичинде COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу маселелери боюнча Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук агенттигинин кызматкерлери менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрүшкөн.

Анын жүрүшүндө өзбек тарап өлкөгө Роспотребнадзордун эксперттерин жөнөткөндүгү жана COVID-19га каршы күрөшкө жардам бергендиги үчүн Россияга ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, Өзбекстан аталган вакцинаны биргелешип изилдөөгө жана каттоого алынгандан кийин аны колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Covid-19га каршы Россиянын эки компоненттүү вакцинасы 11-августта убактылуу каттоо күбөлүгүн алганы кабарланган.

Эске салсак, 3-сентябрда Өзбекстан Бээжин расмий Ташкентти COVID-19га каршы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышууга чакырганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости