www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Музыка мугалими үңкүрдө жашап келет

Базар-Коргондо Музыка мугалими 18 жылдан бери үңкүрдү байырлап  келет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагындагы үңкүрдө Төлөн Мамарасулов 18 жылдан бери жашап келет.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин Правда айылында жашачу. Кесиби боюнча музыкант. Музыка сабагынан сабак берип, мугалимдик кесипти аркалап келген.

«Ошол убакта шал оорусу менен ооруп, 13 жыл төшөккө жатып калдым. Бул оору менен алышып жаткан учурунда түшүмө ушул үңкүр кирип, оорум үнкүрдө айыгуусу тууралуу аян берди. 50 жашымда бул үңкүргө келип жашап калдым. Азыр 68ге чыктым. Жубайым Бактыгүл Байсейитова менен үңкүрдө жашап келебиз», - деп билдирген ал.

Талдуу-Булак айыл аймагынын башчысынын орун басары Сансызбай Нурсеитовдун айтымында, бул үй-бүлө үңкүрдөн башка жерге көчүүдөн баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости