www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жайгашкан Бостери айылындагы “Осьминог” ресторанындагы өрт газ баллондордун жарылышынан чыкканы болжолдонууда. Облустук милициядан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, алдын ала иликтөөлөр өрт чыккан имаратта газ баллондор бар экенин көрсөткөн. Ошондон улам "газ жарылган болушу мүмкүн" деген божомол каралууда.

7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, тилсиз жоодон жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян келтирилген.

Азыр өрттүн чыгымдары такталууда, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Интернетте ресторан саясатчы Өмүрбек Бабановдун жакындарына тиешелүү экени жана ага атайлап өрт коюлду деген маалыматтар айтылууда. Укук коргоо органдары өрттүн так себеби экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болорун билдирип жатышат. 

Булак: Азаттык

Последние новости