www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Саламаттык сактоо министрлигинин алдына №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты. Аларды министр Талантбек Батыралиев кабыл алып, алардын көйгөйүн укту.

Министрликтин жыйындар залында өткөн жолугушууда Батыралиев №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Айдарбек Шакировдун кызматтан алынгандыгын айтты.

Аталган борбордун кызматкерлеринин айтымында Шакиров директорлук кылып турган бир жыл ичинде 50дөн ашуун киши мыйзамсыз кызматтан алынган. Эми алар сотко кайрылып, өздөрүнүн кызмат ордун калыбына келтирүүнүн аракетин көрүшөт. 

Аталган жетекчи кызматкерлеринен ар шылтоону айтып, акча алууну да өнөкөткө айлантып алган.

Анын бул кадамы №1 поликлиниканын кызматкерлерин кыжырын кайнатып. митингге чыгууга аргасыз кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости