www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга дейре коомчулукта эмгек өргүүсүнөн кайтып баратып автокырсыктан кайтыш болгон Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнүп берилчү 21 миллион 700 миң сом кенемте пул боюнча коомдо катуу талкуу жүргөн. 

Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, жөнөкөй карапайым калк кайтыш болгон прокурорго 20 жылдык эмгек аксынына барабар сумманы төлөп берүү боюнча мыйзамдын туура эместигин сынга алышкан. Айрымдар кайтыш болгон 54 жаштагы прокурор, аман болсо дагы 20 жыл иштемек эместигин дагы белгилешкен. 

Мындан улам, резонанс жараткан жагдай президент Садыр Жапаровго чейин жетип, бул маселени кайрадан карап, иликтеп чыгуу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин басма сөз катчысы маалымдаган. 

Бирок мыйзамда каралган норма коомчулукта кызыл чеке талаш жаратып, түрдүү пикирлер айтылып, президент аралашканына карабастан, маселе сөз боюнча эле калып, кенемте пул төлөнүп бериле турганы анык болду. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева парламентте билдирди.

Ал өз сөзүндө: "Сиздер Жогорку Кеңештен макулдук бердиңиздер, азырынча каражат расмий которула элек. Бирок маселе чечилет", — деп жооп берди. 

Ошентип, президенттин сөзү дагы суу кечпей кала турган болду. Өздөрүнө ыңгайлуу кылып жазган мыйзам мындайда тоскоолдуксуз, сааттай так иштеп калат эмеспи...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости