www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын Кара-Жыгач жаңы конунушундагы мыйзамсыз, тиешелүү документтери жок курулушту буздуруу жөнүндөгү доо арызы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан канааттандырылып, 10-ноябрда өз билемдик менен жана курулушка тиешелүү документи жок курулган 3 кабаттуу имарат буздурулду.
Эске салсак, мыйзамсыз курулуштун ээсине уруксат кагаздарын алып келүү боюнча эскертме жазуу берилген. Текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок экени аныкталып, протокол түзүлүп, айыппул салынган. Иш сотко өткөрүлүп, курулушту мыйзамсыз деп таап, буздуруу жөнүндө чечим кабыл алган.