www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнө байланышкан президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы коомчулукта чоң талаш, тартыш жаратууда. 

Жарлыкты сынга алгандар, бул жагдайды 1953-жылы түзүлүп, мамлекетти чыңдоодо жана жаштарды илим-билимге тартууда эбейгейсиз салым кошкон, улутубуздун фундаменталдык жана прикладдык илимин өнүктүрүүгө арка-бел болуп келген бирден-бир илимий базанын негизги институттарын, биргелешип иштешүү (интеграция) деген чапанды кийгизип ЖОЖдорго таратып берүү аракети катары баалап жатышат. 

Ырасында, “Илимдер Академиясы” деген – жөн гана аталыш эмес. Бул – негизги мамлекеттик атрибуттардын бири болуп эсептелет.  Мисалы, театрлар, мектептер жана башка кесиптик окуу жайлары сыяктуу коомду агартуучу, экономиканы илимий жол менен башкаруучу аспап катары колдонула турган расмий мекеме. Аны жок кылуунун кандай зарылчылыгы бар эле?

Мындан улам, Академиянын материалдык-техникалык базасын (пансионаттар, тажрыйба аянттары, ботаникалык бактар ж.б.) талап алууга кызыкдар таасирдүү топтордун жасаган иши дешип шектенген көз караш, божомолдор айтылып жатат. 

Негизга фундаменталдык жана прикладдык илимий-изилдөө институттары ЖОЖдорго "белек" катары таратылып берилиши - ал илим тармактарын талкалоо дегенди билдирет.

Эми эл аралык илимий мекемелер деле нааразы болот болуш керек. Мындай жол менен Түркмөнстанга окшоп опера-балет театрын, башка маданий жана агартуу мекемелерин жоюуу кампаниясы башталбаса экен деп сары санаага баткандар жок эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости