www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дал ошол учурда ошол кездеги юстиция министри Аида Салянова Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып, чоң кылмыш жасаган. Бул иште кылмыш бардыгын “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев да моюнга алган.

Саляновага былтыр дал ушул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан. 22-майда болсо Жогорку Сот да буга чейинки өкүмдү күчүндө калтырды.

Тилекке каршы, Салянова адатынча бул ишти саясатка байланыштырып, президент Сооронбай Жээнбековго айып тагууга өттү. Аида айымдын логикасына таянсак, өлкө башчысы 7-кабаттан туруп алып сотторго көрсөтмө берүү менен Салянованы акташы керек экен. Мындайларга логикаң менен куруп кал дегенден башка айла жок. Булар өзүнүн керт башы үчүн бүтүндөй мамлекеттик башкарууга, сот системасына, президенттин кадыр-баркына доо кетиргиси бар.

Салянова эч качан чындыктын үлгүсү боло албайт. Ал башкы прокурор болуп турганда да далай кыңыр иштерди жасап, саясий негизде бир катар депутаттарга кылмыш ишин козгогон. Алардын көпчүлүгү далилденген жок. Мындан сырткары мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберүүдө ат көтөргүс салым кошконун эл билет. Андыктан ырайым кылуу менен чыккан соттун чечимине Аида айым ыраазы болушу керек. Аны бул кылмышы үчүн сот залынан колун бурап туруп камакка алса да жарашмак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости