www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери Турсунбек Чынгышев деген өкмөт башчынын канаттуу фразасы эмдигиче актуалдуулугун жогото элек. —“Акмактар гана уурдабайт”-деп агынан жарылган “коомдук ишмердин” азыр деле ошол пикири бекемделген бойдон жашап жатат дегенибиз негизи туурадай сезилет. Андан ашып түшүүнү каалаган тунгуч президент Аскар Акаев болсо –“Коррупция дегениң жетинчи кабаттан орун алып калды”-деп чылдырманын черткен. Ак көңүл, ичинде кири жок кишинин ошондогу сыпаттамасы дале күчүндө экенине анча көрөгөчтүктүн зарылдыгы жок. Андан кийинки ажобуз КурСалиевич болсо:- “Ак үйдү керек болсо автомат менен коргоп алам"-деген каардуу кебин угузган жамы журтка. Тилекке каршы алардын көздөгөн максаттарынын канаты эмес, куйругу да калбады. Болгону анча-мынча эски “жоокерлери” жүрөт баштагы жыргализмдерин сампарлата баян кылып.

Алты жыл дегениңди күнгө тогоштурсак 2190 күн болот экен. Ушул мезгилдин ичинде албетте, жүздөгөн кадрлар кызматка келди жана кетти дечи? Ошолордун арасынан көздөй болгон адамдар Алмазбек Атамбаевдин айланасында калып, ар кандай ишмердигин улантты. Куш колдон учкан соң “балапандары” да жетим калып анын азабын тартып жаткан кези. Чү дегенде баш прокурор, “үч тамганын” төрагасы, милисалардын чоңу, башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери майлуу токочунан оолакташты. Алардын артынан өкмөт башчы, анын орун басарлары, айрым министрлердин портфели алынды. Ток этерин айтканда мурдагы командадан баш тургай, таш да калбасы айкындалды. Арийне, ким бийликке келсе жаңы команда түптөлүшү зарыл экени жалпыга маалым.

Баарынан да күлгө оонап эле “алтын жумуртка” тууп алган Кубанычбек Кулматовдун түйүнчөгүнүн түйүлүшү кыйла шооратты жаратты. Кыска мөөнөттө бажынын капчыгын “дилдеге” толтурган азаматты эмне үчүн кызматтан чегиндиришти? Мурда кумга сиңип кетип жаткан ири каражаттын учугун табууга жараган кадрды неге жон талаштыра тебишти? Анын деле жообу табылды, мурдагы иштеринде кемчиликтер болгон деген. Ал тургай кайсыл бир үйүн тинтип жиберишкени, кылмыш иши ачылганы боюнча каңшаар коомчулукка тарады. Боесу канбаган дагы кайсыл кадр калды? Чамасы эми БШКны, эсептөө палатасын, Бишкек мэриясын “дезинфекциялашат” шекилди. Алардын катарына Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев да кирип калаары боюнча шыбыш бар. Кандай күнгө туш келер экенбиз деп санаа чегип отургандардын сабында ректорлор да бардыгын тили узундар аңыз кылып жүрүшөт. Беш ректор кара тизмеге түшкөнү боюнча кептер калкып чыкты. Кызмат колдун кири дегенибиз менен анын “диагнозу порох сердце” экенин деле жүрөгү түшкөнүнө карабай айтып коелу да…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости