www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто "автоунаасын тартып алып, анын ээсин сабаган" деген шек менен эки киши кармалды. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 ("Карактоо") жана 123 ("Адам уурдоо") беренелери менен иш козголду. Учурда шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Жабырлануучунун айтымында, 20-май күнү кечке жуук шаардагы базарлардын биринен жогоруда сөз болгон жарандар машинесин тартып алып, өзүн белгисиз жакка алып барып сабап, таштап кетишкен.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жарандар Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну Р.Н. жана Ош шаарынын жашоочусу А.М. болгон. Алар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тизмеде турган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости