www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алуулар уланууда. Өткөн аптада кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды. Ошол эле кезде Жогорку кызматты аркалаган башка да адамдар камалабы жана бул териштирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевди да суракка тартууга негизи болобу деген талкуулар жүрүп жаткан кез. Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозу коюлуп, мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин ңегизинде шектүү катары каралууда.
Буга чейин Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдер камакка алынышкан. Бул иштер боюнча ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да сурак берип, ал бул иштерде өзүнүн канчалык күнөөсү бар экенин ачык айтып моюндабагыны менен коомчулукка жем таштады. Суракта кандай жооп берген ким билсин, маалымат каражаттарына берген маектеринде Рысалиев, кримтөбөл Батукаевдин өлүмүнөн коркконун, аны өлтүрүп кетүү коркунучу болгонун, аны коргоп аман алып калуу чоң милдети катары айткандары коомду кызуу талкууга чакырды.
Азырынча ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген Зарылбек Рысалиев сурак берип жатканы белгилүү. Рысалиев бул окуяга эч кандай тиешеси болбогонун айткан менен ачык эле анын өлүп калышынан коркуп коштоп барганын айтты. Бул мыйзамда канчалык туура экени каралып өз баасын алат. Коомдо Рысалиевдики одоно ката экенин айтып, аны да жоопко тартууну талап кылып жаткандар көптүк кылууда. Рысалиевдин бийликке ыктап, Жээнбековду да айга-күнгө теңеп, анын каршылашы Бабановду өз жеринде жаман аттыга калтыруунун артында да ар кандай амал бар экенин, анан калса мандат алуу үчүн жандалбастаган аракеттер дагы дал ушул Батукаевге байланыштуубу деген ойлор келет. Депутат болсо, ага кол тийбестик каралат эмеспи.
Булак: «Факты.kg»