www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Пахтачи районундагы «Каракутан» шахтасында таш басып калган отуздан ашык мыйзамсыз алтын чайкоочу куткарылып, шахта жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Самарканд облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү тургундар мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн жоопкерчиликтен коркушуп, окуя тууралуу мекемеге кабар беришкен эмес.

«Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барганда, 17-январда кароосуз калган шахтадан мыйзамыз алтын чайкоочулардын биринин сөөгү чыгарылып, дагы үчөө жаракат алганы аныкталды. Шахтада эч ким калбагандыгы такталгандан кийин, анын кире бериши бульдозер менен жабылды», — деди ал.

Жергиликтүү жашоочулардын биринин айтымында, шахтадагы кырсыкка топурак катмарынын урашы себеп болгон.

– Өндүрүш иштери токтоп, кароосуз калган шахтада мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдүн биринин аракетинен улам топурак катмары урап кеткен. Андагылардын кээ бирлерин кулаган таштар басып калып, калгандары четке качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Кийин алардын баары куткарылды. Бирок эки мыйзамсыз алтын чайкоочу каза болду», – деди ал.

Анткен менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү экинчи адамдын өлүмү тууралуу маалыматты ырасташкан жок.

Шахтадан казылып алынган алтын кендери Самарканд облусунун Заявуддин шаарчасындагы, «Черемушка» жана «Карнок-ата» кыштактарындагы колго салынган цехтерде чайкалып, Ташкенттен келген белгисиз адамдарга сатылат. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жумушсуздуктун айынан Пахтачи районунун жашоочуларынын жарымы мыйзамсыз алтын чайкоо менен алектенишет.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости