www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарынын 70 жаштагы тургуну Жээнбай Букаров чындык издеп чыркырап жүргөн чагы. Ал мамлекет башчысы С.Ш.Жээнбековго кайрылуу үчүн борбор калаага келгенин айтып, журналисттерге маалымат берди. Анын айтымына караганда 42 жаштагы кызы Жээнбаева Нургүлдүн өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси 2017-жылдын 9-сентябрында Ак-Суурайонундагы Жол-Колот айлынын Бакеев көчөсүндөгү №6-үйдүн багынан табылган. Бул үйдө анын 20 жыл мурда ажырашып кеткен жолдошу Жакыпов СапатбекТөлөнович жашап турган.

Турмуштук жагдайлардан улам соңку мезгилдерде Сапатбек менен Нургүл кайра жарашып жашайлы деген ниетте жүрүшкөн. Тилеке каршыНургүлдүн башына 2 жолу темир менен чаап өлтүрүп, сөөктү бир нече күн үйүндө жаап-жашырып жатып, андан кийин багынын ичине таштап салган (Бул окуя фото сүрөттөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, окуя болгон жерди кароо протоколдору менен далилденет).

С.Жакыпов бул кылмыштуу аркетин жашыруу үчүн Акылбек Ногоев деген бөтөлкөлөш досуна жолугуп, Нургүлдүн сөөгүн Кара-Колдогу областтык оорукананын жанындагы чоң сууга ыргытып жиберели деп суранган. Мындан сырткары, каза болгон Нургүлдүн телефонун алып 8-сентябрь күнү башка адамдарга сатып жиберген.

С.Жакыпов 9-сентябрь күнүшектүү катары кармалып камакка алынаар замат кандайдыр бир күчтөрдүн таасиринде камактан чыгарылып, Ак-суу райондук ооруканасында дарыланышы керек деп 10 күнгө жаткырылган. Анын кылмыштуу аракеттери изи сууй электе тергөөчүлөр тарабынан аныктала баштаганда ага карата сурак токтотулуп, кылмышты бурмалоонун, жаап-жашыруунун аракеттери жасалган. Муну кимдер жасады?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости