www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анда коррупция менен күрөшүү иштерин белгилеп, мыйзамсыз баюу айыбы менен кармалып, мамлекеттин бюджетине миллиондогон каражаттарды төлөп берген мурунку саясатчыларды атады.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар. К.Ташиевдин маалыматы боюнча, ал бюджетке 50 млн сом которгон.

Ошондой эле мурунку депутат Марат Аманкулов дагы мамлекетке 50 млн сом чыгымды төлөп бергени айтылды.

Мурунку депутат Жаныш Кудайбергенов болсо 75 млн сом которгон. Чыгым 150 млн сом деп эсептелген.

«Азырынча жарымын төлөдү, жарымын жакында төлөйт», - деди К.Ташиев.

5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өтүп, ага ушул жылдын январь айында Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган депутат Алиярбек Абжалиев («Республика — Ата Журт») да катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости