www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз миграция уюштурган жарандар аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз миграция уюштурган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигигин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерлери 2020-жылдын 12-март күнү мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташкан.

Аталган факт КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесине (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) квалификацияланган. Тергөө ишинин жыйынтыгында бул материал соттун кароосуна жиберилген.

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерине 2020-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө айыппул салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости