www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 1,6 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген ири партиядагы чылым аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген “С.А.И.” аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

«Транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 коробкага салынган 240 миң даана, жалпы наркы 16 млн сом болгон акциздик маркасы жок, Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган»,-деп берилет маалыматта.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости