www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды ар дайым маска тагып жүрүүгө чакырат, деп билдирди министрдин орун басары Жалалилин Рахматуллаев брифингде.
Анын айтымында, учурда бул коронавируска каршы коргонуунун негизги жолдорунун бири.
«Биринчиден, өзүңүздү, экинчиден, жакындарыңызды жана туугандарыңызды коргойсуз. Ар дайым колуңузду жууп, антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактаңыз, эл көп топтолгон жерлерге баруудан карманыңыз, таза абада көбүрөөк жүрүңүз.
Үй-бүлөңүздүн жана досторуңуздун ден соолугуна көңүл буруңуз. Бул дагы сизден көз каранды. Өзүңөдү изоляциялоону сунуштайт элем, анткени бул коргонуунун эң мыкты ыкмасы», - деди Рахматуллаев жарандарга кайрылып.
Булак: NazarNews.kg