www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки күндөрү кайдагы бир эл аралык деңгээлдеги аферист, отуз жыл аралыгында кыргыздарды каалагандай калчап, «Себат» деген түрк тилдүү мектепти ачып алып, кыргыздын тарыхын окутпастан, кыргыз улан кыздарын ар намыстан ажыратып, исламдаштырып маңкуртка айлантканы жалганбы?
Ошол окуу жайларды аяктагандар кыргыз элине кандай кызмат кылып жатышат? Канчалык ардуу, мекенчилдер чыгышты? Кыргыз – деп күйгөндөр арасында деги бирин-серин барбы?
Орхан Инанды ошончолук жылдар бою кыргыздардын канчалаган миллиондогон каражаттарын кагып алды? Ал берген бир багыттуу билимден кыргыздар үчүн канчалык пайдасы болду?
Ага эл аралык деңгээлде кылмышка шектүү делип, издөө жарыяланып, Атамбаевдин учурунда эле Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инандынын депортациясын талап кылганы жалганбы?
Инанды көрсө, Түрк жарандыгын тапшырбастан, белгисиз жолдор аркалуу Кыргызстандын жарандыгын алып алган экен да. Ушул жагын билбей турушуп, айрым арсыздар анын талабын талашып, акылсынып жаткандары таң калдырат. Аларда намыстын кыпыны да жок, иттерге окшоп үргөн айдама саткындар.
Анчалык мекенчил болсоңор, отуз жыл аралыгында кутурган түрктөр Бета Сторестеги соода борборунда иштеген кыргыз кыздарын чекесинен кеңсесине чакырып, аларды кордоп маскаралаганда, а түгүл, сабап майып кылганда, кайда жүрдүңөр эле арсыз, алсыз иттер?
Ошол арам акчага кутурган түрктөр канчалаган биздин жаш кыздарыбызды болбогон акчага бузушту, кулдай жумшашты. Кордоп талпак кылышты. Биздин саткын соттор алардын акчаларына кызыгып, камактан бошотуп, качырышкандарын унутуп калдыңарбы, азыркы ажылдап үрүп жаткан арсыз саткын кыргыздар?
Кайдагы бир ашынган чыккынчынын талабын талашып, Эрдоганга сөз тийгизип жатасыңар алсыз арамдар. Тажиктердин агрессиясын керек болсо, дал ушул Режеп Тайип Эрдоган токтоткон. Ага далил катары Садыр Жапаровду кабыл алып, бардык жагынан, өзгөчө согуштук курал-жарак жана биздин жоокерлерди өздөрүнөн окутууну сүйлөшүп, макулдашты.
Кур сөз эмес, Түркиянын Коргоо министри өздөрүнүн адмирал, генералдары менен атайын келип кетишти. Болгондо да Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбеде жолугушкан учурда. Баткендеги талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын салууга жардамдашып жатышат жана да башка көптөгөн колдоо көрсөтүүгө камданууда...
Анан кайдагы бир Кыргызстанды каалагандай калчаган жана чексиз байыган эл аралык аферистти колдогонуңарды кандайча кабыл алсак болот? Жолуңар болсун. Жолбун ит дагы силерден өйдөдүр. Үрөрдүн алдында алды-артыңарды карап, ак-карасын талдап, тактап, тастыктап анан таразалап алып туруп ажылдап аңкылдап, акылсынбайсыңарбы? Не деген айдама жалданма калкка айландык?
Эркин журналист, публицист Мелис Арып-Бек
Булак: NazarNews.kg