www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКнын төрагасы Мыктыбеков Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу Эльвира Сурабалдиеванын социалдык тармакка билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров президентти кулатпоону талап кылууда.

Жогорку Кеңештин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев менен парламенттин депутаты Айнура Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго каршы импичмент жарыялоо боюнча документке кол коюудан баш тартышты. Бул тууралуу эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Твиттерде жарыялады.

 

Парламентарий ошондой эле колониядан бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров Жээнбековго импичмент жарыялоого кол койбоону талап кылып, эл өкүлдөрүн коркутуп жаткандыгын билдирди.

 

Эскерте кетсек, бүгүн парламент депутаттарынын жыйыны болуп, анда өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов жактырганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости