www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына «вице-депутаттын» таз кейпи?

Иштей албай, эт эмес же чел эмес ортозаар экенин айгинелеп, жоопкерчиликтен качып Улуттук банктын төрагасы болуп кеткен Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Санжар Муканбетов вице премьер министр бо­луп келди.

Ошондо Исаковдун төрт орун басары бар. Акыркы кезде вице премьер министрлер тебетей алмашкандай эле алмашып, элдин башы айланып калды. Бул маселени эл өкүлдөрү дагы Санжар мырзаны шайлап жатканда белгилешти.

Ырасында экономиканы көзөмөлдөгөн бир вице, социалдык тармакты жетектеген бир вице болсо жетмек. Акчагада эконом болмок. Төрт вице ашыкча.

Бирок Өкмөттө иш көп экен, төртөө болбосо болбойт деген биринчи-вицепремьерминистр Аскар Шадиев Жогорку Кеңеште аябай акылдуусунган. Бу эргул депутаттык мандатын дагы сактап калган.

Муканбетов вице болуп шайлангандан кийин иш көп, жетишпей жатабыз деген Шадиев Жогорку Кеңештеги кабинетине барып компьютерден оюн ойноп жатканын көргөндөр жерге түкүрүштү.

Мына «вице-депутаттын» таз кейпи? Анан кантип оңолобуз?..

Булак: "Фабула"

Последние новости