www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан туура бир жыл мурун Дача Сууда каргашалуу кырсык болгон. Учак туура саат 7:45те кулаган. Жарандык активист Аманбол Бабакуловдун берген маалыматына таянсак, Дача Суу айылынын жабыркаган тургундары менен жолугушууга бийлик өкүлдөрүмүмкүнчүлүк берген жок: "Аларды маршруткага салып, кафеге куран окутабыз деп алып кетишти" - дейт "Жаңы Муундун" мүчөсү. Ошондой эле 15 тонна көмүр түшүрүлүп, ар бир жабыркаганга 2 тоонадан берилген.

Жабырлануучу тарап менен куран окутууда Мавлян Аскарбеков, Рита Карасартова ж.б. активисттер катышты.

Ал эми элден чогулган акча каражатынан (100 миллион сом) кабар да жок. Болгону ар бир жабыркаганга 22 миң сомдон бөлүп беришкен экен.

Эскерте кетсек, Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында  «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болгон. Каза болгондордун эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар. Айрымдар авиакырсыктан бүтүндөй үй-бүлөсүнөн айрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости