www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда мындан кийин студент балдар менен кыздар өз-өзүнчө окуйт. Бул тууралуу Талибан тарабынан дайындалган өлкөнүн  Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Абдулу Баки Хаккани билдирди, деп маалымдайт Tolo News телеканалы.

Хаккани баса белгилегендей, кыздар билим алууга укуктуу, бирок алар балдар менен окуй алышпайт. Ал окуучу кыздарга "коопсуз билим берүү чөйрөсү" менен камсыз болорун убада кылды.

Хаккани ошондой эле жакында университеттер кайра ачылаарын жана Билим берүү министрлигинин мугалимдерине жана кызматкерлерине эмгек акы төлөнөрүн айтты.

Кабулда Ооганстандын Билим берүү министрлигинин пресс-конференциясы болуп, ага университеттин профессорлору, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана кафедранын мурунку кызматкерлери катышты. Жолугушууда мурдагы Билим берүү министри Аббас Басир талибдер билим берүү тармагында жана Билим берүү министрлигинде акыркы жыйырма жылдыктын жетишкендиктерин сактап калууга убада бергенин айтты.

"Билим берүү министрлиги системаны түзүү жагынан башка ишкерлерге караганда көбүрөөк ийгиликтерге жетишти", - деди Басир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости