www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан кыймылы* Кабулдагы аэропорттун бир бөлүгүн көзөмөлдөйт жана жакында ал толугу менен алардын көзөмөлүнө өтөт, деп билдирди кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид NHK телекомпаниясына берген маегинде.

"Америка аэропорттун бир нече аймагынан чыгып кетти, алар талибдердин көзөмөлүндө. Биз чет элдик бөлүктөр аэропорттон толугу менен чыгып кетет деген ишенимдебиз. Жакында аэропорт толугу менен талибдердин көзөмөлүнө өтөт. ", - деди Мужахид.

Интервью жекшемби күнү жазылган, бирок дүйшөмбү күнү обого чыккан.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

Талибдер чет элдиктер өз жарандарын 31-августка чейин чыгарып кетиши керектигин жар салган.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости