www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ат, аттан кийин жат» деген бул – «баарыдан мурда ат жөнүндө кам көр, андан кийин гана өзүңдү ойло» маанисинде. Мындай пикирин журналист Мырзакат Тыналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Константин Кузьмичти сыйлайм, бирок, мунусуна макул эмесмин.

Жакында бир изилдөөчүлүк уюму даярдаган кыргыз аты жөнүндө эмгекти которуп жатып, «Ат, аттан кийин жат» деген макалды чечмелөөнү окуп калдым. Алар К.Юдахиндин сөздүгүнөн алышыптыр.

Негизи белгилүү окумуштуу К.Юдахин түзгөн Кыргызча-орусча сөздүк азырга чейин котормо сөздүк гана эмес, кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү катарында да кеңири колдонулуп келет. Ага тете эмгек андан кийин жазылган жок.

Ошентсе да, Константин Кузьмичти канчалык урматтаганым менен жогоруда аталган макалды чечмелөөсү менен макул эмесмин. Сөздүктө (Кыргызча-орусча сөздүк, «Советская энциклопедия», Москва, 1965-ж.) «ат» деген сөзгө сөзгө түшүндүрмө берүү менен «Ат, аттан кийин жат» деген макал келтирилген. Ал макалга «Конь, а после коня (лишившись его) ложись (сдавайся, ты уже не воин)» деген орусча түшүндүрмө берилиптир.

А чынында бул макалдын мааниси - көчмөн кыргыз үчүн чынында эле канаттай болгон, жоо менен чабыштарда да, күнүмдүк тиричиликте да зор кызмат кылган атка камкордук көрүү жөнүндө.

«Ат, аттан кийин жат» деген бул – «баарыдан мурда ат жөнүндө кам көр, андан кийин гана өзүңдү ойло» маанисинде. Биз бала кезден карыялардын сөзүн угуп, макалдын ушундай маанисин билчү элек. Мен бул макалдын маанисин сурап Facebook барагыма койгондон кийин да бир топ саяпкерлер, кыргыздын макал-лакаптарын билгендер менин пикириме кошулушту.

Константин Кузьмичке кайсы кыргыз тилчиси бул макалды ушундай чечмелеп бергени жана сөздүк алгач түзүлгөн 1940-жылдан берки басылыштарында эмне себептен башка тилчи окумуштуулар тарабынан буга көңүл бурулбай калганы белгисиз.

Мүмкүн, бул окумуштуунун зор эмгеги жана анын кадыр-баркы анын эмгегине сын көз караш менен кароого жол бербегендир? Же, баягы эле кыргызчылык кайдигерлик себеп болгондур?

Ошондуктан, азыр болсо да сөздүктөгү ушул кемчиликти оңдоп коюу, аны менен сөздүктү пайдалангандарды адаштырбоо керектир?», - деп белгилеген журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости