www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-сентябрда абактагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө меймандар чогулуп жатат.

Жакындары, тарапташтары Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналган маараке үчүн топтолууда.

Алардын арасында уулдары Сеид Атамбаев, Кадыр Атамбаев, туугандары, өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку өкүлү Туйгуналы Абдраимов жана А.Атамбаевдин жан сакчысы болгон Дамир Мусакеев бар.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку өкүлү Туйгуналы Абдраимов Атамбаевди абактан бошотуу үчүн 10 миң киши катышкан митинг өтөт деп билдирген.

Бирок, кийин митингдин ордуна маданий иш-чара өтөөрү кабарланган.

Ал эми бүгүн, 17-сентябрда эртең менен Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жүздөгөн адамдар чогулду. Аларды бир нече адам башкарып, түшкө жакын жаш жигиттерди автобустарга салып, алып кетишти. Учурда стадиондо эч ким жок.

Бул адамдардын Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулган иш-чарага тиешеси барбы жокпу азырынча белгисиз.

Сүрөт Марат Уралиевдин Facebook баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости