www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн.

ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги президенттин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн. Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган.

Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты.

Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.

Маалым болгондой, коноктор жылуу, достук маанайда сүйлөшүп, меймандостугу үчүн Тажикстан президентине ыраазычылык билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости