www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө карантин 11-майда алынат деп жарялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

"Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал 11-майда бүтөт, албетте, эпидемиянын жаңы жапырт чыгышына жол берилбесе. Мен үчүн ар бир мекендешибиздин жашоосунан маанилүү эч нерсе жок", - деди Токаев.

Ошол эле учурда, өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссия, биринчи кезекте, вирустун жайылышы боюнча кырдаал көзөмөлдө турган райондордо жана шаарларда карантин режимин жумшартууга даяр.

Токаев Мамлекеттик комиссияга борбордун мисалында өлкөнүн бардык аймактарында өз ишин баштай турган уюмдардын тизмесин аныктоону тапшырды. Биринчи кезекте, бул өнөр жай ишканалары, курулуш жана жол куруу компаниялары, транспорттук компаниялар, банктар, калкты тейлөө борборлору.

Казакстан Республикасынын Президентинин айтымында, күнүмдүк жашоодо социалдык аралыкты сактоо эрежелери сакталышы керек.

Ал эми президенттин айтканына өлкөнүн эли нааразычылыктарын билдиришип, карантинди узартылышын каалашпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости