www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда оорукананын дааратканасынан сөөктөр чыкты

Нарындын Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты 1975-жылы салынган. Азыркы тапта анын бир бөлүгү жугуштуу оорулар бөлүмү катары колдонулууда.

Жакын арада эле бөлүмдөрдүн бири коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн изолятор катары даярдалган болчу. Бөлүмдө дааратканасы ичинде жайгашкан эки палата бар. Ал эми бейтаптар менен дарыгерлер үчүн арналган жалпы даараткана учурда оңдолуп жатат. Буга чейин аталган даараткана толуп, иштебей жаткандыктан өрт кызматынын унаасы келгени менен тазалай алган эмес.

Аймактык райондук оорукананын директорунун орун басары Салтанат Султанова даараткананы тазалап жатканда сөөктөр да чыкканын жергиликтүү ЖМКлардын бирине айтып берген.

«Балдар тазалап жатышат. Ал жактан чүпүрөк, целлофан баштыктар жана малдын сөөктөрү чыкты. Буюрса оңдолот. Бул имарат 1975-жылы салынгандан бери такыр тазаланбаптыр», - деди Султанова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости