www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аман-эсен жана ден соолугу жайында. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президентинин эл аралык мамилелер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мун Чжон Ин чет элдик басылмаларга билдирген.

"Биздин өкмөттүн позициясы бекем. Ким Чен Ын тирүү жана ден соолугу жайында. Ал 13-апрелден бери өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Вонсан шаарында. Эч кандай шектүү кыймылдар байкалган жок", - деген Түштүк Кореянын президентинин кеңешчиси.

Эске сала кетсек, Ким Чен Ын 11-апрелден бери эл алдына чыга элек. 21-апрелде АКШнын администрациясындагы маектеши CNN телеканалына АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Корея лидеринин ден-соолугуна олуттуу коркунуч туулушу мүмкүн экендигин далилдеп жаткандыгы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости