www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда COVID-19ду жуктуруп алган кошбойлуу аял илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Маалыматка караганда, бейтап илдетке чалдыгып, ооруканага түшкөндө беш айлык боюнда бар болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Вирус аныкталгандан кийин медиктер мени ооруканага жаткырышты. Оору симптомсуз өткөн, дене табым ордунда болгон. Бул мен үчүн күтүлбөстүк болду. Башында шок абалда болдум, күмөнгө кооптондун. Бирок баары жакшы болот деп медиктер мени тынчтантты. Күндө кароо жүргүзүп менин абалымды сурап жатышты. Бир нече жолу мага вируска каршы дарыларды беришти. Чыгымдардын баарын оорукана өзүнө алды. Медиктер бизди колдоп, камкордук көрсөткөнү үчүн биз аларга ыраазычылык билдиребиз», — деген ооруканадан чыгарылган аял.

На изображении может находиться: один или несколько человек и на улице

Аялдын айтымында ал үчүнчү баласын күтүп жатат. Ал стационарда 14 күн дарылангандан кийин анын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтыктарды көрсөткөн. Учурда бейтап үй карантинине чыгарылды.

Эске сала кетсек, өлкөдө илдетти жуктургандардын саны 27-апрелде 695ке жетсе, анын 395и сакайып кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости