www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич! Тез арада «Темирдей тартип жөнүндө» - Указ кабыл алып, бакырчак, кыйкырчак, митингчи, трайбалист, бузукуларды иретке келтириңиз! Мындай пикирин экс-депутат Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич!

Кечирип коюңуз.

Оор маселе болсо да, акылым жетип, аял, эне коомдук, саясий ишмер катары, жоопкерчиликти алып айтпасам болбойт. Батынып кимдир бирөө айтыш керек. Мен айтпасам, жигиттер айтпаса, аксакалдар айтпаса ким айтат.

Ачык ачуу чындыкты айтууга мажбурмун. Ток этээр жерден баштайын. Үкөлөрүңүз көпчүлүктүн кыжырын кайнатышууда. Тыйыңыз ава деген үкөлөрүңүздү! Чектен ашып кетишти.

Төңкөрүш кылдык, колдодук деп кечке кыйкырып, тизилип алып, кайрылуу жасап, кечке блогер болуп түз эфирге чыгышып, элдин тынчын алып, күнүгө бир нерсени ойлоп чыгып элди бемазаа кыла беришпесин. Той болду, тойдун эртеси болду.

Эми өзүңүз каалаган команда менен иштеш керек. Эл ошону күтүп жатат. Ал үчүн үкөлөрүңүз сиздин өз командаңыз менен иштегенге мүмкүлчүлүк беришсин!

Алардан башка сизди колдогон 80% эл бар. Улам чыгып чыры, чуу жасай беришпесин. Пейилдин оңолбой, тооба кылып, шүгүр келтирбей, инфекция болуп коомду бузуп, адамдарды иренжиткен жүздөрдүн кылыгын көрүп, жүрөгүң ооруйт. Ичи тар, көрө албас, трайбалистердин, бийлике наркоман болгондордун айынан он жылдан бери тынчыбай келебиз. Адамдын пейили бузулганда, ички дүйнөсү сыртына, өңүнө чыгат. Адамдан бөлүнүп чыккан энергия, бүт ааламга таркап, абаны булгап, коомду талкалайт экен. Мындай адамдар короновирустандан коркунучтуу. Мына ошондой инфекция болгон трайбалисттердин азабын карапайым эл тартып келет.

Тез арада «Темирдей тартип жөнүндө» - Указ кабыл алып, бакырчак, кыйкырчак, митингчи, трайбалист, бузукуларды иретке келтириңиз! Бир башчы жетишет кыргыз элине. Элдик бийлик орносо да, эл өзү шайлаган бийлике баш ийиш керек. Мыйзам талаасына түшөлү. Конституция күчүндө. Жаңы мыйзамдуу бийлике, анын командасына мүмкүнчүлүк берип, ар бирибиз жардам көрсөтөлү деп тилек кылып келебиз. Ынтымака чакырып, сабыр кылгыла, алты айда саясий өнөктүктөр бүтөт. Жаңы бийликтин аракети да көрүнүп калат. Садыр Нургожоевичти колдоп, чын эле аваңар болсо тынчыгыла деп кайрылууларды жасап келебиз.

Тилеке каршы кайрадан күчөп жатышат. Каалайсыңарбы, жокбу регионалдык баланс сакталыш керек - деп кесе айтыңыз. Ош, Жалал-Абад, Баткендин эли да кыргыз мамлекетинин тең ата эли. Мамлекеттик бийлике толук кандуу катышканга укугу бар. Борбордо олтуруп алып кыйкырып, элдин табитин бузушпасын. Кудай көрүп турат. Өзүмчүлдүктүн да чеги болот. Сабырдуулукту, чыдамкайлыкты, кечиримдүүлүктү, бизден коркушат, коркутабыз, батырбайбыз, биз кыйынбыз, биз айткандай болот деп ойлошсо, өтө каттуу жаңылышышат! Кыргызстандын кайсы бурчу болбосун алты миллион элге бирдей таандык.

Раматылык Бекмамат Осмоновичтин бир сөзү эсимде. «где моя нога, там кыргызский земля» - деп, Тажикстандын Мургаб районуна чогуу барганда айткан сөзүн 30, 40 жылдан ашса да кулагым менен укканым эсимде. Анын сыңарындай трайбалисттер эстерине тутуп алышсын. Түбүбүз бир кыргызбыз Түндүкбү, Түштүкбү кыргыз мамлекетинин ар бир сантиметр жери баарыбызга бирдей таандык. Бөлүнүп жарылганга эч кимдин укугу жок. Жети дубандын бардык жеринде кырк уруунун өкүлдөрү аралаш жашашат. Калыс болгула. Тегиз болгула. Бардык жака бирдей болгула. Ош, Жалал-Абаддын, Баткендин эли бөлүнүп, жарылбайт. Бөлүнгөн эмес, бөлүнбөйт дагы. Тилеке каршы, бир ууч трайбалисттердин курмандыгы болуп, өмүр боюу өгөйлөнүп келишет.

Сиз Садыр Нургожоевич ошол өгөйлөнгөн пикирге бөгөт коюңуз. Жакшы саамалыкты унчукпай 80, 90% элдин биримдиги, тынчтыгы, мамлекеттин келечеги үчүн бардык саамалыктарга макул болуп, дайыма колдоп беришет. Кызмат бөлүшкөнгө келгенде өгөйлөнүп, кыйкырып, бул болбойт деп чыга калышат. Мисалы мына, сиз тандаган Марипов кырына чыккан коррупционер сыяктуу кенедей жармашышты да калды. Мариповдун биографиясы эмес географиясы жакпай жатат трайбалисттерге! Өкүнүчтүү көрүнүш. «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт» - болушпасын үкөлөрүңүз. Алар билгенди элдин баары билет. Тек гана теңелгиси келбейт. Эмне үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен элинин күчү халал да, өздөрү, өкүлдөрү арам болуп, трайбалисттерге жакпайт!

Тооба кылышсын! Шүгүр келтиришсин! Кудайдан коркушсун! Өздөрүн эр ойлосо, маңдайында шерлер турганын унутушпасын! Ким мурун кыйкырса ошонуку туура болбойт. Түштүктөн чыккан Орозбеков, Раззаков, Масалиев, Кулатов, Исанов, Эркебаев ж.б. мамлекетти ак эмгеги менен, таза башкарып келишкен. Түштүктүн эли чурк этип, өзгөчө үнүн чыгарган эмес.

25 жыл Усубалиев, 15 жыл Акаев, 7 жыл Атамбаев башкарганда да унчукпай, чырк этпей, үн катпай мамлекеттин тартибине моюн сунуп келишти. Бакиев менен Жээнбеков да өздөрү эмес жердиги, биографиясы эмес географиясы жакпай трайбалисттердин курмандыгы болушкандыгын кан какшап, карапайым эл тарых кылып айтып келишет.

Үй-бүлөсү, бир туугандары жөн эле шылтоо. Биз үмүттөнөбүз, Журт Башчы катары сиз жыйынтык чыгарасыз, чекит койосуз. Эмне эле болуп жатышат трайбалисттер! Түштүктүн эли экинчи катындын балдарыбы! Кыргыз эмей паспортунда кытай деген жазуу барбы? Түштүктөн чыккан кадрдын аты аталса, түктөрү тик туруп, талмасы, туталактары тутуп, давлениялары көтөрүлүп, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып, тытынып жатып калышат. Түштүктөн Марипов келгенче Новиков болсун деп, тытынып, көчөгө чыгып алышты. Бетин жуубагандарды таап келип, ар нерсени сүйлөтүшүп. «Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт болушуп». Көп улуттуу элбиз. Калыстык үчүн улуттук азчылыктардын өкүлү аралашсын. Каршы чыккан эч ким жок. Бирок мынчалык эмесда. Өз кадырыбызды өзүбүз баалап үйрөнөлү кыргыздар. Кыргызга кыргыз гана күйөт. Айттыңыз Садыр Нургожоевич!  Мындай болбойт. Эстерине келишсин трайбалисттер! Жинди болсо да, дабдыр болсо да унчукпай отурушкан, биздики деп коюшуп. Түштүктүн эли биздики, кыргыздыкы болбогондо кимдики? Жооп беришсинчи бөлүп, жарып жаткан трайбалисттер. Жок, эч жакшы жагын айткылары келбейт. Жалаң терс жагын издешет трайбалисттер. Кудайдын таразасы бар. Ынсап, ыйманга келишсин! Азга көнбөгөн кыргыз, көпкө көнчү эле. Таптакыр кур калып олтурушпасын! Шүмшүңдөп, кагазга ороп сүйлөмүш болуп, колтугунда котур ташын ыргытышпай тооба кылышсын! Трайбалисттердин ыргыткан ташы как баштарына тийиши мүмкүн. Кудайдын берген ооматын көтөрө билишсин! Мамлекеттик машина мыйзамдуу жол менен иштеш керек. Конституция али күчүндө. Бакырык, митинг менен маселе чечкенди токтотолу. Сиз туура түшүнүңүз.? Чоң үмүт менен калыс, адилеттүү, жети дубанга бирдей жарыгын тийгизет, чыныгы мекенчил кыргыздын көк жалы деп колдоп, үмүт артып олтурабыз. Тыйыңыз трайбалисттерди. Бөлүнүп, жарылуучулука чекит коюңуз. Ал үчүн кайра суранам.

Темирдей тартип, тартип жана тартип орнотуңуз. Жоопкерчилик, жоопкерчилик жана жоопкерчилик. Кадр, кадр жана кадр маселесиндеги баланстуулук, кесипкөйлөүк сакталсын. Калыс, калыс жана чексиз калыс болуңуз. Мыйзамда жазылбаган улуттун менталитетиндеги мыйзамды эске алуу, элдин биримдигин бекемдейт. Жогоруда мен айткан мүчүлүштүк, кемчилдиктерге сиз гана чекит койосуз Садыр Нургожоевич. Сизден үмүтүбүз зор. Учурунда калыс сөздү айтпасак, улуулуктан, эжеликтен не пайда.

Мен ойлойм, туура чечим чыгарасыз. Темирдей тартип жок жерде ийгилик болбойт. Согушту да темирдей тартип менен жоопкерчилик менен жеңет. Мен ишенем туура жыйынтык чыгарасыз», - деп белгилеген ал.

Надира Азимовна Нарматова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости