www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун төрайымы, коомдук жана саясий ишмер Надира Нарматова экс-президент Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктады. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Курман айт улуу күндөргө туш келген 1-август туулган күнүңүз кут болсун, Курманбек Салиевич!

Кудайым узун өмүр, кажыбас кайрат, бакубат жашоо берсин. Оорубаңыз! Сиз күчтүүсүз, кайраттуусуз, эрктүүсүз!

Кыргыз эли деп соккон ички дүйнөңүздүн духу, руху Кудайга шүгүр жетишет!

Буюрса, Жараткан Алла алты саныңызды аман, акыл-эсиңизди жайында кылып, сизге 100 жашты кенен берсин. Эр ортону 70 деп жүрүшөт улуу муун аксакалдар. Демек, сиз эми күчкө толуп, өмүр бою топтогон тажрыйбаңызды чачып, элге кыла турган кызматыңыз алдыда.

Буюрса жакшы күндөр келет, сабырдуулук тилеймин. Кудайым жолуңарды ачып, акыйкаттуулук орноп, өз элиңердин арасында өмүр сүрүшүңөрдү Кудайым насип кылсын. "Ак ийилет, бирок сынбайт"-деген улуу сөздүн сөзсүз чындыгы бар. Сөзсүз акыйкат орундалат. Бул жашоо бумеранг (кайтар дүнүйө).

Мезгил келет, күнөөлүүлөр жообун алып, акыйкат калкып, жер бетине чыгат. Анткени, шибегени капка ката албагандай, чындыкты түбөлүк ката албайсың.

Сиздин өмүрүңүз Кыргыз тарыхы менен терең байланышкан. Аны тарыхтан эч ким өчүрө албайт. Тарыхты эскерип сөз кылуу күнөө эмес! Башыңа балта коюп, башыңды кесем деп, коркутса да болгонду болгондой, чындыкты айтып үйрөнөлү! Жамандыктын, жалаанын, жалгандын өмүрү кыска! Чындыктын, жакшылыктын, акыйкаттын - өмүрү түбөлүк экендиги анык. Бул табыйгаттын мыйзамы, талабы ошондой. Сиз акыйкат жолундасыз, Курманбек Салиевич!

Сөзсүз бул жашоодо чыркыраган чындык, акыйкат ачыкка чыгып, чыныгы күнөөлүүлөр сөзсүз мыйзам чегинде жооп беришет.

Кудайым буюрса, жарык маанай, жылуу жылмаюу менен өз элиңиздин арасында болуп, бузукулардын, элдин канын бөөдө төккөндөрдүн көзүнө "ассалоом алейкум"-деп тике караган күндү Аллахым буюрсун!

Анткени миллиондогон карапайым Кыргыз эли сизди күткөнү коомчулукта көрүнүп турат.

"Жаманды көрбөй, жакшынын кадырына жетпейт"-деп айткан. Карапайым эл эмгегиңизди УӨтүн 6-7 жылдык мөөнөттө жасаган иштери менен салыштырып,  өз баасын берип бүткөн.

Жашырганда эмне?! Өкүнүчтүүсү кээде чындыкты ачык айтуудан айбыгабыз. Билип туруп ичибизде сактап, тымпыйып айткыбыз келбейт. Кулагы укпай, көзү көрбөй, жүрөгү сокпой калганда айтам деп акыйкат сөздөрдү сактап жүргөндөй сезилет. Кишинин көзүнүн тирүүсүндө акыйкатты ачык айтып, "жакшы эле, жакшы адам эле, чыныгы элдин кишиси эле, элге ак кызмат кылган элдин уул-кызы эле"-деген сыяктуу сөздөрдү көзүнө айтып, кулагына угузганды үйрөнсөк, Кудайдын алдында акыйкат иш болмок. Атаганат, андай көрүнүштү өөн көргөндөр арабызда көп.

Буюрса, Кудайдын көзү түз болсо, акыйкат сөзсүз орундалат! Негизгиси алтын башыңыз аман болсун! Кудайым өзү сактап, коргоп, сыйлап, колдосун! Чыныгы күнөөлүүлөрдүн көзүнө тике карап, "ассалоом алейкум"-деп төмөнкү сүрөттө тургандай жылмайып, Кыргыз жеринде, Кыргыз элинин арасында тик турууну Аллахым насип кылган болсун! Оомийин! 1-август туулган күнүңүз кут болсун, Курманбек Салиевич!", - деп жазган Нарматова.

Эске сала кетсек, Бакиев Курманбек Салиевич 1949-жылдын 1-августунда Жалал-Абадда төрөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости