www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт, коңшу төрт үйгө өткөн. Бул тууралуу Өзгочө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматына караганда, кырсык 31-июль күнү саат 20:38де катталган.

Өрт коңшу кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 турак үйлөрүнө өткөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 4 куткаруучу, Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости