www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шакиров Кылычбек Абидиновичтин бул мекенчилдигин, айлык албай, тескерисинче өз элине кылган ак эмгегин баса белгилеп коюшубуз керек. Мындай пикирин экс-депутат Надира Нарматова бүгүн, 19-апрелде өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кумтөрдөгү Centera Gold директорлор кеңешинин мүчөсү катары 200миң$ дан айлык алып жүргөн 13 адамдын ичинен жалгыз Шакиров Кылычбек Абидинович айлык акыны алуудан жеке өзү баш тартып, «Кыргызалтын» ишканасынын эсебине кайра которуп берип жүргөн.

Тактап айтканда, 200миң долларлык айлыктан баш тартып мамлекетке бекер иштеп жүргөн. Бул калыстык эмес деп, айлыктан отказ кылган.

Мындай чечимди 200 миң$ ды көрүп турган бардык эле чиновниктер чечкиндүү кадамга барбайт. 13 адамга кошуп, каргабай тескерисинче Кылычбек Шакировго сага түз, таза тарбия берген атасы Абидин аксакалга рахмат, атаңа рахмат деп айтыш керек.

Айлык албай кыргыздын патриоту катары ак эмгек кылып жүргөнү жөнүндө Жогорку Кеңештин отурумунда Кумтөр маселесин карап жаткан учурда мен атайын тактоо үчүн, 2014-жылы ошол мезгилдеги Кыргызалтындын төрагасы Токон Мамытовго Кылычбек Шакировдун айлык акысы жөнүндө суроо бергем.

Токон Мамытов чын экендигин тастыктап берген. ЖКтин отурумунун жүрүшүндө Кылычбек Шакировдун айлык акысынын эсебинен Кыргызалтынга түшкөн каражаттын эсебинен Ош шаарындагы Ташкентская көчөсүндө жайгашкан Балдар жана карыялар үйүнүн аймагын оңдоп, түзөө үчүн жардам сурап, кайрылгам. Мыйзам ченемдүү тиешелүү документтерин даярдап тапшырып, натыйжада, Кыргызалтын кайрымдуулук иретинде Шакировдун отказ кылган айлыктын каражатынан 500 миң сом, мыйзам ченемдүү жардам берип, жетимдер жана карыялар үйүнүн эшигинин алдын толугу менен, бассейин, беседкалары менен кошо, заманбап кылып брусчаткаларды коюп, капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Шакиров Кылычбек Абидиновичтин бул мекенчилдигин, айлык албай, тескерисинче өз элине кылган ак эмгегин баса белгилеп коюшубуз керек. Ошол эле учурда Шакиров менен бирге иштеп турган Ибраев менен Муралиев айлык алып турушкан. Бирок бир жолу да Жогорку Кеңешке чакырганда келип, Кумтөр боюнча сөзүн кошуп койбогондугун ошол отурумда мен атайын эскертип айтып, бул маселени ошондо көтөрүп чыккам.

Учурунда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлык акысын кароо жөнүндө сунушум, колдоо тапкан эмес. Мына Кудай бар экен акыйкат ачыка чыкты. ЖКтин стенограммасында бар бул материалдар. Бул тарыхый факт.

Жакшыны жакшы, туураны туура деп, коркпой эле тарых үчүн ачык айтып койгум келди. Акыйкатты өз учурунда айтпасаң, калыстыктан не пайда.

13 адамдын катарында коомчулукта ур, тепкиге алынып жатат. Ошондуктан 200 миң доллардан айлык алгандарды 13 эмес, 12 адам деп айтсаңар туура болот.

Күчтүү кыргыздын Кылычбек Шакировго окшогон ак жүрөк, билимдүү кадрынын кадырын өз убагында бийликтегилер баалап, пайдаланып, кармап калышпады.

«Эшек иштейт, ат жейт» - демекчи, Кылычбек Шакировдун күчүн, акылын, билимин пайлаланышып, өзүнүн эмгеги бааланбаган.

Ошондой күчтүү кадрдын күчүн, билимин пайдаланып, эмгегин баалашпаган үчүн Германияга атайын чакыруу менен кетип калган.

Бүгүнкү күндө Германиянын жарандыгын алып, чоң бир компанияда иштеп, жашап жаткан учуру. Кадр маселесинде Шакировго окшогон таза, күчтүү, билимдүү кадрларды четке сүрүп, баалай албай келишкендиги өкүнүчтүү.

Бул менин чыркыраган чындыкты коомчулука жеткирип коюу максатында билдирген жекече пикирим», - деп кошумчалады экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости